Бишкектин борбордук бөлүгүндө беш күнгө газ жок болот
Бишкектин борбордук бөлүгүндө беш күнгө газ жок болот. Бул тууралуу "Бишкекгаздан" билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 1-5-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: К.Акиев көч., Чүй пр., Москва көч., Ибраимов көч., Осмонкул көч., Фрунзе көч., Кулатов көч.
Иштер Бишкек мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүүдө. Бул курулуш иштеринен улам газ өткөргүчүнүн бузулган тилкесин жылдырууга байланыштуу.
"Бишкекгаз" өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат.
