Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды 
6 октябрь

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды 

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына таянсак, жер титирөө 6-окябрда саат 02:29да катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас облусунун Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда КР Сейсмология институту кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.