Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гумжардам жеткирди
1 октябрь

Кыргызстан Афганистанга 120 тонна гумжардам жеткирди

Кыргызстан 25-сентябрда Афганистанга 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам жөнөткөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жүк 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди.

Бул жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 78-сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.