Жалал-Абаддагы кароосуз калган Тукубай Тайгараев атындагы парк жаңыланат
1 сентябрь

Жалал-Абаддагы кароосуз калган Тукубай Тайгараев атындагы парк жаңыланат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Октябрь айылында жайгашкан Тукубай Тайгараев атындагы парктан кабар алды. 

Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган сейил бак көп жылдан бери кароосуз калып, эски имараты жеке колдорго өтүп кеткендиктен, тургундар үчүн эс алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болуп калган.

Бул абалды көзү менен көргөн Камчыбек Ташиев паркты жаңылоонун жана кайрадан элдин эс алуусуна ыңгайлуу кылуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө паркты реконструкциялоо жана анын жанынан жаңы аллея куруу боюнча долбоор даярдалып жатканы айтылды. Мындан сырткары, эски имарат мамлекетке кайтарылып, коомдук пайдаланышка бериле турган болду.

Камчыбек Ташиев парктагы абалды жеринен карап чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке так тапшырмаларды берди.

Андан соң, ал айыл тургундары менен ачык баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту. Элдин арасында айтылган эң негизги сунуштардын бири айылдагы мектепке 2022-жылкы Баткен окуясында мекен үчүн курман болгон 18 жаштагы жоокер Нурислам Карыбековдун ысымын берүү болду. Бул сунушту угуп, Камчыбек Ташиев дароо тиешелүү органдарга тапшырма берип, маселени мыйзам чегинде чечүү жолдорун карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жергиликтүүлөр бул демилгени колдоп, жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоодо чоң мааниге ээ боло турганын баса белгилешти.