Кыргызстан жана БАЭ бири-биринин айдоочулук күбөлүктөрүн тааныйт
15 апрель

Кыргызстан жана БАЭ бири-биринин айдоочулук күбөлүктөрүн тааныйт

2025-жылдын 14-апрелинде Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Меморандумга эки өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жолу менен жарандардын жүрүүсүн жеңилдетүү максатында кол коюлду. Меморандумдун практикалык ишке ашырылышы жана расмий күчүнө кириши тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган датага жараша бир айдын ичинде жарыяланат. 

Бул документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору У.Карыпбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын Премьер-министринин орун басары – Ички иштер министри шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшту.

Жолугушууга кыргыз тараптан Консулдук департаменттин директору С.Жумакадыр уулу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А.Салиев жана Кыргыз Республикасынын БАЭдеги Элчилигинин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде жарандардын эки мамлекеттин аймагында болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.