Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эндоскоптун жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын чыгарылды
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан бөтөн затты – 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү.
Процедура борборго жакында тапшырылган заманбап SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалган. Жаңы аппарат мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кичинекей бейтаптарга тез жана пландык жардам көрсөтүүдө жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө түзөт.
Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымында, ичеги-карын жана дем алуу жолдорунда бөтөн заттын болушу менен кайрылган учурлар аз эмес.
"Бизге жумасына 3-4 бала ушундай учурлар кайрылып турат. Жаңы эндоскоп сыяктуу жогорку тактыктагы жабдыктар жаш бейтаптарга өз убагында жана аз инвазивдүү жардам көрсөтүү үчүн өтө маанилүү", – деп белгиледи адис.
Жогорку технологиялуу эндоскопту өз убагында колдонуу бөтөн затты операциялык жол менен кеспей туруп эле чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бул бейтап үчүн тобокелдиктерди азайтып, калыбына келүү процессин тездетүүгө шарт түздү. Бала канааттандырарлык абалда үйүнө чыгарылды.
Жабдуулардын алынышы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
Медициналык мекеменин жетекчилиги жаңы медициналык технологиялар менен жабдуу балдардын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойноорун жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым экенин баса белгиледи.
