ОСАГО мыйзамы бүгүнтөн тарта толук күчүнө кирди
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК жарандарды жана унаа ээлерин расмий түрдө эскертет. 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, «Унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам (ОСАГО) толугу менен күчүнө кирди.
Мындан ары, унаа башкарган жарандар ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу керек. Тиешелүү камсыздандыруу полиси жок жүргөн айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан айып пул салынат.
- Жеке жактар үчүн – 3 000 сом,
- Юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом.
Бул чаралар жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын кесепеттеринен жапа чеккен жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында көрүлүүдө.
Эми мөөнөт артка жылдырылбайт!
Маалымат үчүн:
ОСАГО жөнүндө мыйзам 2025-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Бирок жарандарды маалымдоо жана даярдоо максатында, 1-июлга чейин айып пул салуу токтотулган. Андан соң, 1-июлдан тарта кошумча эки айлык мөөнөт менен – жарандар камсыздандыруу полисин алууга жетишип калышы үчүн берилген. Бул мөөнөт 2025-жылдын 31-августунда жыйынтыкталды.
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК маалымдайт, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта мыйзамдын талаптарын аткарбаган айдоочуларга карата катаал чаралар колдонулат. ОСАГО полиси жок унаа башкаруу мыйзам бузуу болуп эсептелип, жогоруда белгиленген айып пулдар мыйзам чегинде толугу менен колдонулат.
Жарандарды мыйзамга баш ийүүгө, өз убагында ОСАГО камсыздандыруу полисин алууга жана жол коопсуздугун камсыз кылууга жеке салым кошууга чакырабыз.
