Эл өкүлдөрү, чиновниктер жана жумушсуздар. Депутаттыкка талапкерлердин саны 50гө жетти
КРнын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 5-октябрга карата көп мандаттуу округдар боюнча өзүн өзү көрсөткөн 50 талапкер катталды.
Талапкерлер:
Арыз берүүчүлөр арасында анализ.
50 талапкердин ичинен:
34ү эркектер, 16сы аялдар;
13 талапкер (26%) Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары;
4 Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;
8 бизнес өкүлдөрү (компаниянын жетекчилери, ишкерлер, юристтер, консультанттар);
6 депутаттык аппараттын же бөлүмдүн кызматкерлери болгон;
7 адам убактылуу жумушсуз болгон;
3 академик (мугалимдер, окумуштуулар жана медицина кызматкерлери);
2 пенсионер.
Талапкерлердин орточо жашы 43,6 жаш.
Эң жаш көз карандысыз талапкер – 29 жаштагы Курманбек Жоошбаев, “Motion Group” ААКнын башкы директору.
Эң улуусу 68 жаштагы пенсионер Ахмеджан Мамадумаров, мурда депутаттык жана мамлекеттик кызматтарды аркалаган.
Жаш категориясы боюнча:
35 жашка чейинки – 9 адам (18%),
36дан 50гө чейин – 28 киши (56%),
50дөн ашык – 13 адам (26%).
Өзүн-өзү көрсөтүүгө арыз берген жарандардын тизмеси:
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна – Жогорку Кеңештин депутаты
Мамадумаров Ахмеджан – пенсионер
Абсатаров Азамат Асаттулаевич – Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери
Керимбаев Мураталы Топчубаевич – убактылуу иштебейт
Карыбек уулу Улукбек – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Ибрагимов Болот Адылбекович – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
Набиева Асель Бурхановна – Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – «Нурстрой» ЖЧКсынын директорунун консультанты
Бекешев Дастан Далабаевич – Жогорку Кеңештин депутаты
Джайлов Таалайбек Карыпович – өзүн-өзү көрсөткөн талапкер
Айдарова Айгүл Абдисаламовна – Жогорку Кеңештин депутаты
Капалов Адылбек Эшимбекович – «Модул Строй» ЖЧКсынын башкы директору
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – КММАнын бөлүм башчысы
Жороев Исманали Эгембердиевич – «Илек Строй Групп» ЖЧКсы
Оморова Гүлшат Жолдошказиевна – жеке ишкер
Арынбекова Максаты Арынбековна – ПП “Нурланбеков”
Эркебаев Шукурбек Мамазакирович – убактылуу иштебейт
Шалтакова Гүлбү - өзүн өзү көрсөткөн талапкер
Абакиров Эльдар Курманбекович – Жогорку Кеңештин депутаты
Абдыжапарова Нурбүбү – өзүн өзү көрсөткөн
Алымбаева Эльнура Сталиковна – Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясынын
Алимжанова Нилуфар Якубжановна – Жогорку Кеңештин депутаты
Каландаров Зарипбек Кабылбаевич – милициянын отставкадагы полковниги
Калпаев Бактияр Алиевич – Жогорку Кеңештин депутаты
Кыдыров Акай Имаралиевич – Көчмөн Аялдар ЧК
Самарбек Сабыржан уулу – Жиу-джитсу федерациясы
Аселя Раимбековна Ибраимова – «AS Consulting Group» ЖЧКсы
Айзирек Семетей кызы – көз карандысыз
Канат Зерликович Хасанов – учурда жумушсуз
Гүлбара Кадырбековна Абдыкалыкова – учурда жумушсуз
Жаныбаев Айбек Султанович – Бизнес жана соода ассоциациясынын төрагасы
Нурланбек Исраилжанович Кенжебаев – учурда жумушсуз
Манамкулов Дастан Майрамбекович – «Айыл Банк» ААК, аймактык менеджер
Нурматов Кубанычбек Советович – учурда жумушсуз
Мирбек Лисбекович Осмонов – өзүн өзү көрсөткөн талапкер
Рысбаев Талантбек Казыбаевич – Арабаева атындагы КМУнун окутуучусу
Жамалдинов Зиядин Исламович – Кумтөр
Дыйканов Максатбек Дыйканович – коомдук ишмер
Кадырбек кызы Нуркыз – Республикалык Кыргыз тили коому
Ормонов Улугбек Зулпукарович – Жогорку Кеңештин депутаты
Малиев Арсланбек Касымакунович – Жогорку Кеңештин депутаты
Зулпуев Саидбек Мейраждинович – Жогорку Кеңештин депутаты
Жунушбаева Рахат Мырзабековна – «RM Capital» ЖЧКсынын башкы директору
Шаршеев Искендер Шеримбекович – «ЭлТранс» ЖЧКсы
Жоошбаев Курманбек – «Мошн Групп» ААКнын башкы директору
Аширбаев Элкинбек Токтогонович – убактылуу иштебейт
Маткалыков Асилбек Жоробаевич – убактылуу иштебейт
Ажыбаев Чынгыз Ильяскожоевич – Жогорку Кеңештин депутаты
Чынара Муратовна Джураева – Давинчи стоматологиясы
Кайрат Медербекович Осмоналиев – Түрк мурастары борборунун директору
