Депутат 18 жаштын тегерегиндеги жаштарга онлайн кредит берүүгө каршы
9 апрель

Депутат 18 жаштын тегерегиндеги жаштарга онлайн кредит берүүгө каршы

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева буга чейин 18 жаштан эми гана ашкан жаштарга онлайн кредит берүүнү чектөө боюнча Улуттук банкка сунуш жолдогонун билдирди. 

Айтымында, ал сунушуна аталган банктан кат жүзүндө жооп алган, а анда – “18 жашка чыккан жаран эрезеге жетти болуп эсептелет, ошондуктан анын укуктарын чектөөгө укугубуз жок” деп жазылган. 

Депутат жаңы гана эрезеге жеткен балага онлайн кредит алууга жол ачуу туура эмес деп эсептейт. Ал Улуттук банктын өкүлдөрүн бул боюнча дагы да ойлонуштуруу керектигин айтты. 

“Биз азыр башка кесиптештер – ошол эле коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар менен бул теманы талкуулап жатабыз. Ким кандай инструмент киргизери каралууда”, – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров.