Бишкекте Айгүл Жапарова жана Саида Мирзиёеванын катышуусунда аялдар форуму өттү
Бишкекте Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын жана Өзбекстан Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеванын катышуусунда «Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форуму болуп өттү.
Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана экономикадагы, санариптик технологиялардагы, экологиядагы, билим берүүдөгү жана мамлекеттик башкаруудагы аялдардын лидерлиги маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн бириктирүүгө багытталган.
Билим берүү, ишкердик жана инновациялар аркылуу аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле аялдардын туруктуу өнүгүүдөгү жана климаттык демилгелердеги ролун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
