Ден соолукка коркунуч келтирбестен күнүнө канча кант жесе болот?
19 сентябрь

Ден соолукка коркунуч келтирбестен күнүнө канча кант жесе болот?

Организмдеги ашыкча кант ден соолукка терс таасирин тийгизет:

  • - Майдын топтолушун пайда кылып, семирүүгө алып келет
  • - диабет коркунучун жогорулатат
  • - организмди В витамининен ажыратат
  • - жүрөккө таасир этет
  • - энергия запастарын түгөтөт
  • - организмдеги кальцийди жууп салат

Курамында канттын көп болушуна байланыштуу төмөнкү азыктарды колдонууну чектөө сунушталат: таттуу газдалган жана газдалбаган суусундуктар, таттуулар, кондитердик азыктар, кант кошулган чай ж.б.

Кандай азыктар менен алмаштырууга болот?

  • • Кант кошулбаган колдун компоттору;
  • • Кайнатылган суу;
  • • Мейиз, кургатылган өрүк, кара өрүк, курма жана башка кургатылган жемиштер;
  • • Жемиштер.
  • Дарыгерлер эмне кылуу керектигин эскертет:

  • - Курамында кант орточо өлчөмдөгү тамак-ашка артыкчылык берип, күн бою бирдей өлчүмдө колдонгудай кылып бөлүштүрүңүз. Анткени бир таттуу жана кантсыз тамактарды жегенден көрө жакшы.

    - Эгерде 100 грамм азыкта 5 граммдан аз кант бар болсо, анда ал аз кант камтыган жана туура тамактануу үчүн жакшы тандоо болуп саналат.

    - 100 грамм азыкта 15 граммдан ашык канттын болушу туура тамактануу үчүн көптүк кылат.

    - Эгер рационуңуздан кантты алып салуу кыйын болсо, агава сиропу, бал, кокос канты жана башкалар сыяктуу пайдалуу альтернативаларды колдонуп көрүңүз. Табигый канттар (кант болсо да) организм үчүн бир топ пайдалуу тандоо.

    - Кантты колдонууңузду көзөмөлгө алыңыз. 50 граммдык максималдуу чекти эске алуу менен өзүңүзгө бир күндүк канттын өлчөмүн белгилеп алыңыз.