Статком: бир жылда орточо айлык акы дээрлик 12 миң сомго өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Статком: бир жылда орточо айлык акы дээрлик 12 миң сомго өстү

Кыргызстандагы ишканаларда жана уюмдарда иштеген кызматкерлердин 2026-жылдын январь–июнь айларындагы орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акысы 53 миң 759 сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди.

2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 42 миң 171 сом болгон. Ошентип, бир жыл ичинде орточо эсептелген айлык акы 11 миң 588 сомго же 27,5%га өскөн.

Керектөө бааларынын өсүшүн эске алуу менен реалдуу эмгек акы 15,3%га жогорулаган.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча, биринчи жарым жылдыкта орточо эсептелген айлык акы 614,8 долларды түздү.

Маалыматтар чакан ишканаларды эсепке албастан берилген.