Салык кызматы КНС боюнча тобокелдик белгилери бар товарлардын тизмегин жаңылады
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
26 август

Салык кызматы КНС боюнча тобокелдик белгилери бар товарлардын тизмегин жаңылады

Мамлекеттик салык кызматы тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык кошумча нарк салыгы боюнча салык базасында тобокелдик белгилери бар товарлардын жаңы тизмегин бекитти.

Документ колдонуудагы тизмекти актуалдаштыруу, салыктык башкарууну өркүндөтүү жана КНС боюнча салык базасын аныктоодо тобокелдиктерди башкаруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

Аны түзүүдө салыктык башкарууну талдоонун жыйынтыктары, товарлардын айрым топторунун өзгөчөлүктөрү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кайрылуулары, ошондой эле КНС боюнча салык базасын негизсиз төмөндөтүү тобокелдиктерин азайтуу зарылдыгы эске алынды.

Жаңы тизмекти кабыл алуу төмөнкү максаттарды көздөйт:

– ишкердик субъекттер үчүн тең шарттарды түзүү;

– ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо;

– салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

– товарлардын айрым категорияларына карата негизсиз салык жүгүн азайтуу;

– КНСти башкарууда тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонууну өркүндөтүү.

Жаңы тизмек мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет жана тобокелдик белгилери бар товарларга карата КНС боюнча салык базасын аныктоодо колдонулат.