ШКУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү.
Жыйынга КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын Президенти Владимир Путин, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан, Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай форматтагы жолугушуу диалогдун маанилүүлүгүн жана өлкөлөр ортосундагы достук, кызматташтык жана ишенимди өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну өзгөчө баса көрсөтөрүн белгиледи.
Президент Кыргызстан эртең ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын жана уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары муну анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары караарын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы "ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген ураандын астында өтөрүн баса белгилеп, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.
Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилинде Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары ШКУнун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилерин белгиледи. Анын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу жана азыркы замандын ойчулу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн юбилейлик Ысык-Көл "интеллектуалдык" форуму пландаштырылган.
Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстан өткөрүүнү пландаштырып жаткан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз төрагалыгы жалпы максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн ШКУга мүчө бардык мамлекеттер, байкоочулар, диалог боюнча өнөктөштөр жана уюмдун туруктуу иштеген органдары менен активдүү иш алып барарын баса белгилеп, мамлекет башчыларын Бишкекте өтө турган ШКУнун кийинки саммитине катышууга чакырды.
