Нурланбек Тургунбек уулу Астанада Казакстандын президенти менен жолугушту
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 12-июнда Астана шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Жолугушууга ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Тараптар боордош элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодо парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.
Эскерте кетсек, ТүркПАнын кезектеги жыйындары быйыл Казакстанда өтүүдө.
