Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет.
Маалыматка ылайык, инстаграм социалдык тармактарында белгисиз адамдар тез акча табуу тууралуу жарнама таратышууда. Байланышка чыккандан кийин, алар катталууну суранышып, жасалма крипто-капчыкты түзүшүп, анда сиздин кирешеңиз көрсөтүлгөн. Кирешеңиздин аныктыгына сизди ынандыруу үчүн шылуундар жалган акчаны көрсөтүшөт.
Андан кийин Western Union эл аралык акча котору системасы боюнча чектөө бар экенине байланыштуу акча которулбай тургандыгын билдиришип, акча которуу үчүн чектөөнү алып салуу үчүн комиссиялык төлөм жөнөтүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарга бул алдамчылык схемасы экендигин эскертет! Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана бейтааныш адамдарга акча которбоңуздар. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты кайрадан текшериңиз.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.
Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери (312) 61-04-86.
