Депутат аскер кызматкерлери турак жай үчүн төлөнүүчү төлөмдү алууга толтура убактысын жана акчасын кетирээрин айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Раимберди Дүйшенбиев күч органдарынын ардагерлеринин пенсиясын көтөрүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал аскер кызматкерлери үчүн турак жай төлөмдөрүн алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү керектигин белгиледи.
“Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жана пенсиялар көбөйүп жатат. Ошол эле учурда Куралдуу күчтөрдүн жана ички иштер органдарынын ардагерлеринен өтө көп кайрылуулар келүүдө. Алардын да пенсиясын башка категориялар менен бирдей көтөрүп, төлөмдөрдүн бирдей болушун камсыздоо керек”, – деди депутат.
Ошондой эле Раимберди Дүйшенбиев аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселесине да кайрылды. Айтымында, мамлекет турак жайы жок аскер кызматкерлерине каражат бөлөт, бирок аны алуу абдан кыйын, бюрократизация орногон.
“Аскер кызматкерлери турак жай үчүн төлөмдү алуу үчүн ар кандай келишимдерди түзүшү керек, толтура маалымкаттарды жыйнашат, мекемелердеги комиссиялардан өтүшөт. Мунун баары өтө көп убакытты жана толтура чыгымды алып келет”, – деди депутат.
Ал процедураны жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады.
“Мында эки эле негизги документ талап кылынса жетиштүү – кызматкердин турак жайы жоктугун тастыктаган Кадастрдан жана иштеген жеринен маалымкат”, - деди Дүйшенбиев.
