Курч ичеги-карын инфекцияларынан коргонуу жолдору
18 июнь

Курч ичеги-карын инфекцияларынан коргонуу жолдору

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча курч ичеги-карын инфекцияларынын жалпы тобунда оорунун көрсөткүчү 13,6%га өскөндүгү байкалууда. Муну менен катар, 2025-жылдын ушул эле мезгилиндеги 8549 учурга салыштырмалуу, үстүбүздөгү жылы 9881 учур катталды. Ооругандардын 78,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Курч ичеги-карын инфекцияларынын көп жылдык анализинин маалыматтары боюнча, оорунун күчөшү май-сентябрь айларына туура келип, эң жогорку чеги август айында катталат. Курч ичеги-карын ооруларынын пайда болушунун негизги себеби — өздүк гигиена эрежелерин сактабоо болуп саналат, дал ушул себептен улам балдар арасында жуктуруп алуу коркунучу жогору.

Курч ичеги-карын инфекцияларынын келип чыгуу себептери:

  • Абанын температурасынын жогорулашы: Ысык аба-ырайлуу күндөрү бактериялар тамак-аш азыктарында, өзгөчө сүт азыктарында, эт тамактарында, салаттарда жана сууда тезирээк көбөйөт.

  • Булганган сууну колдонуу: Жайында адамдар арыктардын, булактардын, дарыялардын жана башка борборлоштурулбаган булактардын суусун көбүрөөк колдонушат.

  • Азык-түлүктөрдү сактоо эрежелеринин бузулушу: Муздаткычта сакталбаганда же ысыкта ташылганда тамак-аш тезирээк бузулат.

  • Өздүк гигиенанын төмөнкү деңгээли: Жуулбаган колдор, жашылчалар, мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер ичеги-карын инфекцияларынын жайылышынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

  • Чымындардын көбөйүшү: Чымындар ичеги-карын инфекцияларын козгоочуларды механикалык түрдө ташуучулар болуп саналат жана жылдын жылуу мезгилинде өзгөчө активдүү болушат.

  • Калктын өз ара байланышынын көбөйүшү: Жайкы эс алуу, базарлар, массалык иш-чаралар жана саякаттар инфекциянын тамак-аш жана суу аркылуу жугуу коркунучун жогорулатат.

Курч ичеги-карын инфекцияларын алдын алуу чаралары:

  • Тамактанар алдында, дааратканадан кийин жана көчөдөн келгенде колду самындап кылдат жууш керек.
  • Жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жана көк чөптөрдү коопсуз суу менен жуу зарыл.
  • Кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичүү керек.
  • Уруксат берилбеген, башаламан соода жүргүзүлгөн жерлерден азык-түлүк сатып албоо зарыл.
  • Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонбоо керек.
  • Муздаткычта тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерин так сактоо зарыл.

Коомдук деңгээлдеги чаралар:

  • Ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөө.
  • Коомдук тамактануу жана соода объекттерине санитардык көзөмөл жүргүзүү.
  • Чымындар менен күрөшүү жана аймактарды таза кармоо.
  • Оорулууларды өз убагында аныктоо жана изоляциялоо.
  • Калк арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.

Ичеги-карын инфекцияларынын жайылышында көчөдөгү башаламан соода (жашылча-жемиштер), тамак-аш азыктарын сактоодо муздатуу режимин жана сактоо мөөнөттөрүн бузулушу чоң роль ойнойт.