КР Транспорт министрлиги
5 март
Арал – Казарман унаа жолуна таш кулады
Бүгүн, 4-март Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал – Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында жааган кардан улам, тоо бетинен таштар кулап, жолдун бир тилкесин жаап калган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү кызматтан тарабынан таштар тез арада тазаланып, каттам камсыздалды. Учурда жол ачык, каттам бар.
Ушундай эле жагдай Жумгал районунун Арал-Миң- Куш (3+500–4+600км) автожолунда да катталды.
Азыркы учурда №24 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүп жатат. Автоунаалардын кыймылы үчүн, бир тараптуу каттам берилди.
