Медербек Сатыев судьяларды жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды
24 январь

Медербек Сатыев судьяларды жарандарга сылык мамиле кылууга чакырды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусуна болгон иш сапарын Панфилов райондук сотуна баруу менен улантты. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. 

Соттун аппаратынын кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулары менен жыйын өтүп, анда судьялардын жүктөмү жана сот адилеттигинин сапаты, сот иш кагаздарын жүргүзүү, архивди талапка ылайык келтирүү жана иштетүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Панфилов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Саргалдакова административдик имараттын эскиргендигин айтты. Буга байланыштуу Медербек Сатыев Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеевге жаңы административдик имарат куруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин март айына чейин табууну тапшырды.

Төрага судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлерин биргелешип иш алып барууга, сотко кайрылган жарандарга сылык мамиле кылууга, эмгек жана аткаруу тартибин катуу сактоого чакырды.

Ал эми Жогорку соттун судьялары Кеңешбек Токтомамбетов жана Айбек Молдакунов судьялар менен сот кызматкерлерин документтердин тактыгын камсыз кылууга жана жазык мыйзамдарынын талаптарын катуу сактоого чакырышты.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов кийинки айда сотко кайрылган жарандар арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн QR-код орнотуу пландалып жаткандыгын маалымдады.