Эми өлкөнүн түштүгүнөн Ысык-Көлгө бир сааттын ичинде жетүүгө болот
29 июнь

Эми өлкөнүн түштүгүнөн Ысык-Көлгө бир сааттын ичинде жетүүгө болот

Кыргызстандын түштүк аймактарынын тургундары эми Ысык-Көлгө мурдагыдан да тез жете алышат. Asman Airlines авиакомпаниясы жаңы авиакаттамды ачып, жол жүрүү убактысын болжол менен бир саатка чейин кыскартат.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, үзгүлтүксүз каттамдар 16-июлдан тарта аткарыла баштайт. Учактар жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү күндүн биринчи жарымында уча турганы пландалууда.

Жаңы каттам туристтерге жана өлкөнүн түштүк аймактарынын тургундарына эс алууну ыңгайлуу пландап, өлкөнүн башкы курорттук аймактарынын бири болгон Ысык-Көлгө тезирээк жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Бул баадагы билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча комиссиясыз сатып алууга болот.