Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумуш сапары аяктады
12 октябрь

Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Венгрияга болгон жумуш сапары аяктады, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. 

Анда, министрлер кабинетинин төрагасы Neue Klasse платформасынын базасында иштелип чыккан жаңы муундагы электромобилдерди чыгарууга адистешкен дүйнөдөгү биринчи завод BMW Group Debrecen заводуна барды.

Андан кийин ал Hortobágy Angus Kft., заводуна барып, өндүрүш процесстери менен таанышуу менен тажрыйба алмашуу жана Кыргызстанда алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, достук жана өнөктөштүк маанайдагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Венгрияга болгон жумуш сапарын аяктаган Акылбек Жапаров 12-октябрда Бишкекке кайтып келди.