Бишкекте жаңы вакцина сактоочу жай курулат
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампанын курулушун баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, долбоор эмдөө системасын чыңдоого жана иммунобиологиялык препараттарды ишенимдүү сактоону камсыз кылууга багытталган. Кампанын курулушун 2026-жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Долбоордун жалпы баасы 107 миң АКШ долларынан ашат. Каржылоо Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянстын (Gavi) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп, техникалык колдоону ЮНИСЕФ көрсөтүүдө.
Жаңы кампа вакциналарды сактоо боюнча эл аралык талаптарга толук жооп берет. Анда заманбап муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулар, температура менен нымдуулукту сутка бою автоматтык түрдө көзөмөлдөөчү система, ошондой эле электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда иштей турган резервдик электр булактары орнотулат.
Бул вакциналарды сактоо жана саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүүнүн бардык баскычтарында «муздак чынжырдын» талаптарын так сактоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбековдун айтымында, заманбап инфраструктураны түзүү өлкөдөгү иммунопрофилактика системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
