Улан Ниязбеков Грузия ИИМнин «112» Коомдук коопсуздукту башкаруу борборуна барды
Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Грузияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Грузиянын Ички иштер министрлигинин «112» Коомдук коопсуздукту башкаруу борборуна барды.
КР ИИМден кабарлашкандай, иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун ишмердүүлүгүн уюштуруу, жарандардын шашылыш кайрылууларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча заманбап технологиялар, ошондой эле келип түшкөн билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү механизмдери менен таанышты.
Өзгөчө көңүл укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, кайрылууларды иштеп чыгуу процесстерин автоматташтыруу жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелерине бурулду.
Улан Ниязбеков алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда мындан ары тажрыйба алмашууну жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтыктын жана эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуунун келечегин да талкуулашты.
