Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
24 сентябрь

Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

2025-жылдын 29-апрелинде Сокулук РИИБге 1964-жылы туулган М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, кайрылуусунда 1963-жылы туулган З.Н. аттуу жаран ишенимге кирип, Сокулук районунун Маловодное айылындагы үйдү саттырып, үйдүн акчасын алып из жашырып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Сокулук РИИБге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү З.Н. кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө З.Н. аттуу жаран жалпы суммасы 4 678 000 сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган. Учурда бул жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жок экендиги текшерилүүдө.

Тергөө иштери уланууда.