УКМК башчысы көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды
24 сентябрь

УКМК башчысы көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. 

Г.Саламатова жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал "Аялзат" балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.

Мындан тышкары Г.Саламатова колунда 10 айлык баласы бар оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, жашоо үчүн турак жайды ижарага ала албай, КР УКМКнын төрагасы жардам сурап кайрылган.

Жыйынтыгында генерал-полковник К.Ташиев Г. Саламатованын үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди.

Ташиев Г.Саламатовага жана анын көп балалуу үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана жаркын келечек каалады.

Өз кезегинде Г.Саламатова УКМК башчысына көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөргө көп жылдык активдүү жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.