Кыргыз-өзбек чек арасында эки кыргызстандык жаран каза болду
1 сентябрь

Кыргыз-өзбек чек арасында эки кыргызстандык жаран каза болду

Кыргызстандын эки жараны – Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундарынын жоголгондугу тууралуу укук коргоо органдарына арыз түшкөн. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт. 

Билидрүүгө ылайык, 2025-жылдын 28-августунда жумушчу жолугушуунун алкагында өзбек тараптын чек ара өкүлдөрү 2025-жылдын 15-августунда Өзбекстандын аймагында, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын чек араларынын кошулган жеринде, өзбек чек ара кезмети тарабынан белгисиз эки жаран байкалгандыгын маалымдашкан.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча, аларды кармоо аракети учурунда белгисиз жарандар талаптарга баш ийбегендиктен, чек арачылар курал колдонушкан. Натыйжада, эки жаран тең аман калууга мүмкүн болбогон ок жаракатын алышкан.

2025-жылдын 31-августунда дайынсыз жоголгон кыргыз жарандарынын туугандары Өзбекстанга барышып, каза болгондордун өздүгүн тастыкташкан.

Андан соң, 2025-жылдын 1-сентябрында эки жарандын сөөгү "Баймак" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилип, экспертиза жүргүзүү үчүн Кербен шаарынын өлүкканасына жеткирилген.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары 2025-жылдын 2-сентябрынан баштап окуя болгон жерде биргелешкен иликтөө жүргүзүүгө макулдашышты. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасына өзбек тарап каза тапкан жарандардын мүлкүн – үч жылкыны  жана чатырды өткөрүп берүүгө даярдыгын билдирген.