Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
www
29 июнь

Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.