Сузак районундагы Жерге-Тал айылында 16 батирлүү социалдык шаарча ачылды 
24 сентябрь

Сузак районундагы Жерге-Тал айылында 16 батирлүү социалдык шаарча ачылды 

Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында заманбап шарттар менен курулган “Бахрейн-3” шаарчасынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев катышты. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жалпы аянты 4,19 гектарды түзгөн шаарчада 8 турак үй жана 16 батир курулду.

Ошондой эле бул жерде фельдшердик-акушердик пункт, дүкөн, мечит, 100 орундуу балдар бакчасы жана 200 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Долбоорду ишке ашырууга Кувейт мамлекетинин “Ассанабил” жана “Koof” кайрымдуулук фонддору каржылык колдоо көрсөттү. Мындан тышкары шаарчанын коммуникациялык иштерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан жана жергиликтүү бийлик тарабынан кошумча каражат бөлүнгөн.

Облус башчысы Тилек Текебаев “Бахрейн-3 шаарчасынын ачылышы, мамлекет менен элдин биргелешкен аракетинин жана боордош өлкөлөрдүн колдоосунун жемиши экенин айтып, аталган жерде 16 үй-бүлө жаңы шартта жашоосун баштаарын белгиледи.