Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды
Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Жекшембаев район акими Алмазбек Рахманкулов менен биргеликте Кочкорбаев айыл аймагындагы кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Район боюнча жалпы 21 575 гектар кылкандуу дан эгиндери айдалган, анын ичинен 8 186 гектарын буудай түзөт.
Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Рахманкулов оруп-жыйноо иштерин жүргүзүүдө дыйкандарга бардык шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.
