Ардагер журналист Байыш Төлөнов дүйнөдөн кайтты
Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардагер журналист Байыш Төлөнов 74 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал 1951-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында төрөлгөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн соң, чыгармачылык жолун Ош радиосунда баштаган. Кийинчерээк Ош телестудиясында жарым кылымга жакын иштеп, редактор, алып баруучу жана телебаяндамачы кызматтарын аркалаган.
Байыш Төлөнов коомдук маанилүү иш-чаралардан түз эфирлерди даярдап, белгилүү адамдар менен маектерди уюштурган. Анын эмгеги жогорку баага татып бир катар сыйлыктарды алган. Акыркы учурда “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында иштеп жаткан.
