2025-жылдын планы боюнча Бишкектеги 15 көчөнү оңдоп-түзөө жумуштарынан өткөрүү каралган
2025-жылдын планы боюнча Бишкектеги 15 көчөнү оңдоп-түзөө жумуштарынан өткөрүү каралган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.
Айтымында, 15 көчөнүн 7өөсүндө учурда оңдоо иштери аяктап калды. 5 көчө ачылды, алар: Жибек-Жолу-Курманжан датка көчөсүнөн Лермантов көчөсүнө чейин (эки тарабы тең 100 пайыз бүттү).
Жаш гвардия көчөсү – Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин – бул да толук аяктады.
Москва көчөсү – Фучиктен Жаш Гвардияга чейин – эки катмар асфальт төшөлдү.
Медеров көчөсү – 7-апрелден Панфилов көчөсүнө чейин.
Шабдан баатыр көчөсү – 7-апрелден Лермантовго чейинки тилкеси.
“Акыркы аталганы – Шабдан баатыр көчөсүнүн бир тарабы бүттү, экинчи тарабы кийинки жылга калды. Бул боюнча коомчулукта сөз чыгып атат – эмне үчүн бир тарабын гана жасашты деген. Анткени, түштүк тарабын кийинки жылы ЖЭБ казат, мындан улам алдын ала оңдоонун зарылчылыгы жок деп чечилди”, – деди ал.
Ал белгилегендей, учурда жасалып жаткан Лев Толстой көчөсүнүн (Ибраимов көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин) оңдолбогонуна 20 жыл болгон. Ал эми Ден Сояпин көчөсү (Фучиктен Интергельпого чейин) акыркы жолу 2004-жылы гана оңдолгон.
“Бир гана жолдорду оңдоо эмес, Бишкек шаарынын планына жараша, шаарды кеңейтүү жана жол тыгынын азайтуу максатында жаңы жолдорду куруу да каралган.
Административдик аймактык реформанын алкагында, Бишкек шаарынын аянты кеңейди. Буга чейин эле шаардын тегерегиндеги жаңы конуштар көп болчу, эми андан да көбөйдү. Ошондуктан, жаңы конуштарды сапаттуу жолдор менен камсыз кылуу маселеси актуалдуу. Учурда бул иш менен “Бишкек асфальт сервис” мекемеси алектенип жатат. Андан сырткары 4 райондук администрация бар, алардын да планына кирген. Мен азыр мынча пайыз жолдор оңдолду деп айта албайм, анткени, так маалымат бериш керек. Бирок “Бишкек асфальт сервис” тарабынан жаңы конуштардын жолун оңдоого 1 миллиард сом каражат салынып жатканын айта алам”, – деди ал.
Ошондой эле, Абдыжапаркул Жанболотов план боюнча айрым жолдорду ушул жылдын ноябрь жана декабрь айына чейин оңдоодон өткөрмөк болушканын, бирок октябрдын аягында бардык жол куруу иштери соңуна чыгышы керек деген тапшырмадан улам пландары кайрадан каралып чыгып, иштерди тездетип жатышканын кошумчалады.
