ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгында жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү
30 сентябрь

ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгында жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү

Аталган капсула салуу иш-чарасына Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов,Ош шарынын ИИББдин башчысы милициянын полковниги Дамир Исаков Ош облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Нурланбек Бурканов, ошондой эле ардагерлер жана өздүк курамы катышышты.

Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги өз сөзүндө, милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуунун жана алардын ыкчам даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылууда, бул долбоор маанилүү экендигин айтып кетти.

Бул эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 889,5 чарчы метрди түзөт, 16 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан каржыланат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.