Бишкекте акыркы беш айда дээрлик 7 миңге жакын кылмыш катталган
Бишкек шаары катталган кылмыштардын саны боюнча лидерлигин сактап калууда.
2026-жылдын январь-май айларында Бишкек шаарында 6 849 кылмыш катталган.
Экинчи орунда Ош шаары – 1 751 кылмыш, андан кийин Чүй облусу – 1 982, ал эми Жалал-Абад облусу – 1 650 кылмыш менен жайгашкан.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштуулуктун эң жогорку өсүшү Баткен облусунда катталып, көрсөткүч 74,6%га көбөйгөн.
