Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алуу фактысы боюнча кармалды
КР УКМК
29 июнь

Эсеп палатасынын инспектору 900 миң сом пара алуу фактысы боюнча кармалды

Коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ири өлчөмдө (900 000 сом) акча каражатын алганы аныкталды.

Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (ири өлчөмдө пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 26-июнунда КР Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдарда коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча системалуу иштер улантып жатканын билдирет.