МКУ: ОСАГО боюнча 254 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлүп, жарандарга жалпысынан 23,08 млн сом төлөндү
20 август

МКУ: ОСАГО боюнча 254 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлүп, жарандарга жалпысынан 23,08 млн сом төлөндү

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК 2025-жылдын 20-августуна карата милдеттүү камсыздандыруу боюнча болжолдуу жыйынтыктарын чыгарды.

Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСЖ)

Кыргыз Республикасындагы «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган.

  • Республика боюнча жалпы турак жайлардын саны 1 251 515. 
  • Бүгүнкү күнгө карата Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча иштеп жаткан келишимдердин саны 372 213, бул болсо жалпы турак жай фондунун 29,7%ын түзөт.
  • Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын ушул күнүндө камсыздандыруу деңгээли болгону 12,3% (151 091 келишим) эле.

Эң жогорку камсыздандыруу көрсөткүчү:

  • Жалал-Абад облусу – 37,1%
  • Ош облусу – 35,7%
  • Талас облусу – 33,1%

Турак жайларды милдетүү камсыздандыруу боюнча 2025-жылы 183 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлүп, жарандарга жалпысынан 20,27 млн сом төлөндү.

Авто жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО)

2025-жылдын 1-январынан 20-августуна чейин ОСАГО боюнча МКУ менен түзүлгөн келишимдердин саны:

  • 2025-жылы камсыздандырылган автоунаалардын саны 278 971, бул жалпы катталган автоунаалардын 16,66%ын түзөт.
  • Салыштыруу үчүн: 20.08.2024-ж. бул көрсөткүч болгону 4,4% (73 920 келишим) болгон.

Эң чоң өсүш төмөнкүдөй аймактарда байкалган:

  • Бишкек ш. – 22,36% камсыздандыруу деңгээли (94 538 автоунаа)
  • Баткен облусу – 22,81%
  • Нарын облусу – 31,99%

ОСАГО боюнча 254 камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлүп, жарандарга жалпысынан 23,08 млн сом төлөндү.