
Баткен: айылдагы оорканада жаны технология менен операция жасатууда
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда лапороскопиялык аппараттын жардамы менен адамдын ички органдарына операция жасалууда.
Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, заманбап жабдуу Япония элчилиги тарабынан 89667 АКШ долларына алынып берилген.
Айыл аймактагы ооруканада мындай шарт түзүлгөнүн уккан жаш дарыгер Абдыкалык Маматов, өз каалоосу менен Россиядан айылга келип эмгектене баштаган.
Дарыгердин айтымында, бул жабдуу менен акыркы алты айда 60дан ашуун операцияны ийгиликтүү жасады.
Анын бул аракети мамлекет тарабынан колдоого алынып, “Дарыгердин депозити” мамлекеттик программасы аркылуу эмгек акысына кошумча акы төлөнүүдө.
Белгилей кетсек, аталган жабдуу бейтаптын денесин кеспей туруп, ички органдарына кичинекей тешиктер аркылуу кирип, оптикалык аспаптын жардамы менен операция жасоого мүмкүндүк берет. Бейтап 3 күн ичинде үйүнө чыгарылат.