
Конституциялык сот 10 жылдын ичинде 159 чечим кабыл алган
2024-жыл Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту үчүн Конституцияда, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамда жана Жылдын иш планында аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталган интенсивдүү иштер менен белгиленди. Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле эл аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Конституциялык сот өндүрүшүндөгү негизги жетишкендиктер
2024-жылы Конституциялык сотко 118 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен:
- 60 кайрылуу ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүүгө, Конституцияны расмий чечмелөөгө жана Конституцияга өзгөртүүлөрдүн долбооруна корутунду берүүгө тиешелүү;
- 12 кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынды;
- 48 кайрылуу боюнча өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Келип түшкөн кайрылууларды кароонун алкагында Конституциялык сот:
- 11 чечим;
- 14 токтом кабыл алды.
2013-жылы Конституциялык палата түзүлгөндөн тартып 2024-жылдын аягына чейинки мезгилде конституциялык контролдоо органы тарабынан 159 чечим жана 1 корутунду кабыл алынган. Алардын ичинен 89 чечим мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын караган. Учурда кароонун ар кандай баскычтарында 10 чечим аткарылбаган бойдон калууда.