«Скутер» аталышындагы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү
Башкармалыктын кызматкерлери «Скутер» аталышындагы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер жеке мобилдүүлүк каражаттарын (скутерлерди, велосипеддерди жана башка ушул сыяктуу транспорт каражаттарын) сатуу менен алектенген сатуучулар жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Айрыкча, келип чыгышы күмөн жараткан колдонулган транспорт каражаттарын сатып өткөрүүгө жол бербөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Сатуучуларга сак болууга жана колдонулган велосипеддерди, скутерлерди жана башка жүрүү каражаттарын сатууга аракет кылган жарандарга карата шек жаралган учурда, дароо «102» номери аркылуу ички иштер органдарына билдирүү сунушталды.
Бул багыттагы алдын алуу иштери мындан ары да улантылат.
