
Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр мажбурлап атып түшүрүлүүдө
Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамы жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 11:48ден саат 11:57ге чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 4 снаряд атылып, баары жарылган.
Натыйжада көлөмү 8600 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү иштери Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде жүрүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.