Бишкекте №1 экспресс-маршруттун каттамы убактылуу өзгөртүлдү
17 октябрь

Бишкекте №1 экспресс-маршруттун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Т.Усубалиев аянтынын жанындагы Т.Абдымомунов көчөсү убактылуу жабылганына байланыштуу №1 экспресс каттам (Ала-Арча паркы – Шопоков көчөсү) Шопоков жана Жумабек көчөлөрү менен ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.

Бишкек мэриясы бул өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңузду жана маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну суранат.