Кыргызстанда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору макулдашылды
Бишкекте 14-августта Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Кытай тараптан Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук иммиграция кызматынын, Транспорт министрлигинин жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Макулдашуунун долбоорунда өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча кыргыз-кытай комитетин жана айрым өткөрмө пункттары боюнча жумушчу топторду түзүү каралган. Бул эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүүгө жана өткөрмө пункттарынын иштешине байланышкан практикалык маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.
Макулдашуунун долбооруна парафирлөө кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөдө жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.
Макулдашууга кол коюу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине байланыштуу иш-чаралардын жүрүшүндө өткөрүлүшү пландалууда.
