Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жаңы имарат курулду
28 июль

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жаңы имарат курулду

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Курулуш үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 27 млн 465 миң сом каржыланган.

Учурда кызматкерлердин иштөөсү үчүн жетиштүү шарт түзүү максатында, айыл өкмөтү техникалык жабдууларды, эмеректерди алуу аракетинде.