Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы консулдук кызматташтык маселелери талкууланды
5 июль

Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы консулдук кызматташтык маселелери талкууланды

Ушул жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын элчиси Голам Хоссейна Ядегари мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Эки өлкөнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган консулдук жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Эки тарап өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө максатында профилдик ведомстволордун ортосунда активдүү жана конструктивдүү аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.