Жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголду
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз кайра берүү (акысыз, экинчи ирээт) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, мамлекетке 56,3 млн сом зыян келтирилгендиги аныкталган.
Алсак, Сокулук районунун Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле каттоо органдарынын кызматкерлери тарабынан 2018–2022-жылдар аралыгында жер мыйзамдарын талаптарын бузуу менен 38 жаранга (жалпы аянты 1,6 га) турак жай куруу үчүн экинчи ирет жер тилкелери берилген фактылары тастыкталган.
Ошол эле учурда, мыйзамдуу түрдө акысыз турак жай курууга жер алуу үчүн кезекте турган жарандар жер тилкесин алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Белгиленген мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
