Тунгуч кичи районунда 8-июлда ысык суу жок болот
Тунгуч кичи районунда 8-июлда саат 9:00дөн 14:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Мэриядан кабарлашкандай, өчүрүү №9-насостук станциянын өчүрүү жана жөнгө салуу клапандарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
“Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.
