Узундугу 40 чакырым. Талас шаарында 12 көчө оңдоло баштады 
президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
21 апрель

Узундугу 40 чакырым. Талас шаарында 12 көчө оңдоло баштады 

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери расмий түрдө башталды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, анын алкагында 12 көчөдө оңдолот.

Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

"Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жолду куруу иштери активдүү жүрүүдө. Экинчи баскыч менен дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталмакчы. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылып, бекитилген графикке ылайык иш алып барышууда", – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө иш-чаралары быйыл Талас облусунда өткөрүлөт.