Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес — Садыр Жапаров
Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес. Мындай пикирин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Мамлекет багчысы орус тили Кыргызстанда расмий тил деп баш мыйзамда белгиленгендигин эске салган.
"Орус тилин биз колдоп келе жатканыбыз үчүн Владимир Владимирович ыраазычылыгын айтты. Негизи орус тили бизге муктаж эмес, биз орус тилине муктажбыз. Биринчиден, орус тили дүйнөлүк алты тилдердин бири. Экинчиден, орус тилисиз биз Кыргызстандан алыс чыга албасыбызды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мисалы КМШ өлкөлөрүн айтпай эле коеюн, кошуна эле мамлекеттерди алалы. Өзбекстан менен Тажикстанга барсаң орус тилсиз сүйлөшө албайсың. Ошол эле Европа, Америка, Кытай өлкөлөрүнө барсаң орус котормочуларды колдонушат. Орус тил макамын өзгөртөлү деген саясатчылардын сунушу туура эмес", - деди ал.
Садыр Жапаров биринчи кезекте кыргыз тилин өнүктүрүү керектигин баса белгилеген.
"Бирок орус, англис тилин да билишибиз керек. Дүйнөнүн тең жарымы ушул эки тилди колдонушат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбыз 3-4 тилде сүйлөп жатышпайбы. Көп тилдерди билген жакшы да. Дүйнөнүн кайсы бурчуна барба эркин жүрөсүң", - деген ал.
