Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу уланат
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштери уланат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.
Ишти министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы улантат.
Бүгүнкү күндө курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 км ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
