Авариядан улам Бишкектин түштүк тарабында ичүүчү суу убактылуу токтотулду
1-сентябрда таңкы саат 6:00 чамасында Бишкектин түштүк тарабын камсыз кылган диаметри 500 мм суу түтүкчөсүндө авария болгон.
«Бишкексууканал» ишканасынан кабарлашкандай, ага байланыштуу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулган.
Өчүрүү району:
• Жал-29 кичи району №95 мектептин түштүк тарабы;
• Масалиев –Ч. Айтматов пр. – Ы. Абдрахманов- Садырбаев;
• Масалиев –Ч. Айтматов пр. – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөру менен чектешет.
Өчүрүү ЭЧЖК диаметри 500 мм резервуарындагы суу түтүктөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
